World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
29
30
31

Новости за 26.12.2024

Azattyk.org 

Жер, сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектини бузду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылдын 11 айында кызыл сызыктан чыгып, мамлекетке тиешелүү жерге мыйзамсыз курулган 269 объектини аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мунун ичинен 228 объект бузулду. 9 объектке чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Калгандарынын жагдайы айтылган жок. Министрлик соңку фактылардан Талас... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш фамилияга "теги" мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеште кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталууда. Мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо, атасынын атына “кызы” деп уланат. Экинчи вариантта чоң атасынын атына “теги” мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат. Дагы бир вариант... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен облустук милициясы блогер Жолболдуеванын билдирүүсү боюнча териштирүү башталганын билдирди

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканы тууралуу ички иликтөө иштери башталганын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Жолболдуева колун кескен окуя 2022-жылы 13-мартта болгонун, бул боюнча “Тез жардам” чакырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөнүн тактады. Бул окуянын негизинде ички иликтөө жүрүп, онго жакын кызматкерге жаза чарасы колдонулганын белгиледи. Читать дальше...