"Жатаканадагы студенттер өтө коркуп турушат"
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-6d33-08dc7816fa8c_tv_w800_h450.jpg)
Бишкекте 18-майга караган түнкү зордук-зомбулукта жабыркаган пакистандык айрым студенттер өз мекенине кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап турганын айтышты. VIP хостелге кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.