"Эң кичүүсү эки жашта болчу". Сел бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрүн алды
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-06d1-08dc9902f261_tv_w800_h450.jpg)
Ноокатта 28-июнда жүргөн сел тогуз кишинин өмүрүн алды. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Дагы бири изделип жатат. ӨКМ селдин себеби катары көнөктөп төккөн жамгырды, Абшыр-Ата дарыясынын жээгин бойлой бак-дарактардын көбөйүшүн, эс алуу жайларынын башаламан курулушун атады.