Ноокаттагы сел: Таза суу жок, калыбына келтирүү иши уланууда
Кыргызстанда 1-июлга чейинки аралыкта катталган 236 сел кырсыгыын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден кеминде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ушу тапта Ноокатта тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.