Газа: Нетаньяхунун Конгресске кайрылуусу, согушту токтотууну талап кылган акция
![Газа: Нетаньяхунун Конгресске кайрылуусу, согушту токтотууну талап кылган акция](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-bc36-08dcacb46f06_tv_w800_h450.jpg)
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.