Инвестиция жаатындагы саясат: улуттук фонд түзүлөт
![Инвестиция жаатындагы саясат: улуттук фонд түзүлөт](https://gdb.rferl.org/BDE1751A-B7F5-42B8-A2CD-03EF42211B37_w800_h450.jpg)
Президент Садыр Жапаров 25-июлда "Улуттук фонд жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документти өткөн айда парламент кабыл алган жана анда бул фонд четтен инвестиция тартуу, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенери белгиленген.