World News in Kyrgyz

ИЗ-ЗА САМОУПРАВСТВА АЛИМОВА КОЗИМЖОНА НОСИРОВИЧА В ГОРОДЕ ОШ В БУДУЩЕМ МОЖЕТ СНОВА СОЙТИ СЕЛЬ

ИЗ-ЗА САМОУПРАВСТВА АЛИМОВА КОЗИМЖОНА НОСИРОВИЧА В ГОРОДЕ ОШ В БУДУЩЕМ МОЖЕТ СНОВА СОЙТИ СЕЛЬ

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                                                             АЧЫК КАТ

Ош шаарындагы 14.07.2024 ж. сел кесепети айынан адамдар каза болуп, мамлекет чоң зыянга учураган. КР Президенти С.Н. Жапаров Ак-Буура дарыясынын суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды буздурбаган аткаминерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылса, КР УКМК төрагасы К.К. Ташиев болсо Ак-Буура дарыясынын суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды буздуруу талабын укук коргоо органдарынын башчыларынын алдына койгон. КР Президенти С.Н. Жапаров - Эми мындай окуялар кайталанса, күнөөлүүлөр камалып, маморгандардын жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартууну эскерткен. Бирок, ошого карабай Жупас каналынын суу коргоо аймагына мыйзамсыз курулуштарды курган Алимов Козим камалбай, эркиндикте тайрандап жүрөт. Себеби анын артында чоң коррупционерлер жана 08.07.2024 ж. Ош УКМК тарабынан толук кармалбай калган эл аралык наркомафия тургандыктан, К. Алимов кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, Жупас каналын статусун каналдан арыкка өзгөртүп, кызматтык жасалмачылык кылып жатат. Натыйжада келечекте Ош шаарын жана сел капташы мүмкүн. Анын бирден-бир себеби кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы жана аларды К. Алимов жашылбайлар менен кызматтык жасалмачылыкка түртүп жатканы.

КР Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасын кыйшаюүсүз аткаруу максатында Кара-Суу райондук прокуратурасы К. Алимовдун мамлекеттин өзгөчө менчиги болгон суу коргоо аймагына мыйзамсыз токтом чыгартканы, Мамакт алганы жана мыйзамсыз курулуштарды курганы боюнча кылмыш иш ачса Кара-Суу райондук ИИБ тергөөчүүсү кылмыш ишти мыйзамсыз жаап, К. Алимовдун кылмыштарын жаап-жашырып (КР КЖК 367 бер. 1 бөл.), келтирген зыянды төлөткөн эмес. Кызмат адамдарынын шалаакылыгы, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан улам аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу натыйжасында мамлекетке олуттуу залал келтирип жатат (КЖК 348 бер. 1 бөл.). Ош шаарында селдин алдын алуу максатында КР Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевдин суу коргоо аймагына мыйзамсыз берилген токтомдорду жана Мамакттарды жокко чыгарып, мыйзамсыз курулуштарды буздурушун Оштун эли колдосо, бирок, жашылбайлар менен көзү көрмөксөн, кулагы укпаган шалаакы кызмат адамдары К. Алимовду кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында кызматтык жасалмачылыкка барып жатышат. Ошондуктан кылмыш ишти ИИМ органдарынан алып, УКМК тергөө кызматына өткөрүү зарыл. Болбосо, Ошко келечекте дагы сел келиши мүмкүн.

 Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. Жер жана суу мыйзамдарын одоно бузуп, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жупас каналынын суу коргоо аймагына мыйзамсыз берилген Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.12.2010 ж. №180 токтомун жана Кара-Суу райондук Мамкаттоо (Кадастр) тарабынан берилген №300779 Мамакттын жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз берүү үчүн Ош шаарынын прокуроруна тапшырма берүүнүздү жана аны көзөмөлгө алуунузду.

2. Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Бешкапа участкасы Миралимжан Халматов көчөсү №7 үйү Жупас каналынын суу коргоо аймагында курулган мыйзамсыз курулуш 1 комнаталуу турак үйдү, дубалды, дарбазаны (Сабиров көчөсү тараптан) буздуруп, суу коргоо аймагын ачып, баштапкы абалга келтирип берүүнуздү.

3. К. Алимовго өзүм билемдик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти УКМК борбордук аппаратына өткөрүп берүүнүздү

Жупас каналынын суу коргоо аймагына мыйзамсыз берилген Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.12.2010 ж. №180 токтомун жана Кара-Суу райондук Мамкаттоо (Кадастр) тарабынан берилген Ч №300779 Мамакттын жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокурору тарабынан сотко доо арыз берилбесе, К. Алимовдун башка мыйзамсыз аракеттерин кийинки арызда жазууга аргасыз болом.

 

Жер жана суу баскынчысы К. Алимовдун курмандарынан, 27.07.2024 ж.

 

P.S. К. Алимовдун артында 08.07.2024 ж. УКМК тарабынан толук кармалбаган эл аралык чоң наркомафия тургандыктан менин жеке коопсуздугумду камсыздап берүүнүздү суранам.

Читайте на 123ru.net