"Мен согушка кол койгон жокмун". Орус абагындагы зарлаган мигранттар
Волгограддагы түрмөдө болгон тополоңдон кийин орус абактарында кыргыз жарандары кандай шартта кармалат деген маселе көтөрүлдү. Алардын көбүнүн жакындары абактагы балдарын Кыргызстанга которуунун аракетинде. Бир ай мурун Кыргызстанда экстрадиция боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.