World News in Kyrgyz

Бишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында мыйзамсыз, жашыруун кумаркана аныкталганын билдирди. Милицияга бул жай тууралуу маалымат түшүп, 18-октябрда ыкчым-тергөө иш чараларынын алкагында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйү тинтүүгө алынган. ИИМ бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын катыштыгы болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат болгонун билдирүүдө.


Кумаркана уюштурууга шектүүлөр, кызматкерлер жана кумар оюндарын ойноп жаткандар милицияга жеткирилген.


Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (“Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектелип 29 жана 30 жаштагы эки жаран милициянын убактылуу тергөө абагына камалды.




Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.



2022-жылы чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган.

Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино мыйзамдуу иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. (КЕ)




 

Читайте на 123ru.net