World News in Kyrgyz

Бишкекте саммиттен улам 4-7-ноябрда троллейбус каттамы токтотулат

Бишкекте Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммитине байланыштуу 4-ноябрдан 7-ноябрга чейин  троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мэрия саммит бүткөндөн кийин троллейбус каттамы кайра жанданарын билдирди.


Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити 6-ноябрда Бишкекте өтөт. Президенттин администрациясы билдиргендей, бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтмөкчү.


Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери өз ара кызматташтыкты талкуулап, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат.  


Уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт.


Саммитке беш мүчө – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жетекчилери,  уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышары кабарланган.


Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан Венгрия, 2021-жылдан тарта Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет.


Саммиттин алдында, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери маалымдалган. (KbA)




 

Читайте на 123ru.net