World News in Kyrgyz

Саламаттык сактоо министрлиги трансгендерлүү жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча жобо даярдады

Саламаттык сактоо министрлиги трансгендерлүү жарандарга медициналык-социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.


Документте трансгендерлүү жана ар кандай гендерлүү адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык-социалдык жардам жана алардын гендердик иденттүүлүгүн медициналык күбөлөндүрүүнүн тартиби жазылган.  


Мекеменин маалыматында 2020-жылы алгачкы жолу трансгендерлүү адамдардын арасында формативдик баалоо жүргөнү, азырынча алардын санын так аныктаган көрсөткүчү жок экени жазылган. ЮНЭЙДС уюмунун маалыматына таянып жазганда, Кыргызстанда 3449 трансгендерлүү адам жашашы мүмкүн деп белгиленген.


Изилдөөлөр жынысын өзгөртүүнү каалаган адамдар медициналык жардам алууда кыйынчылыкка туш болору, дарыгер-эндокринолог дайындабаган гормоналдык дары-дармектерди колдонуп, ден соолугуна олуттуу көйгөй жаралган учурлар бар экенин көрсөткөн.  


“Өздүгүн тастыктоочу тийиштүү документтери болбогондуктан трансгендерлүү адамдар билим алууга жана жумушка орношууга мүмкүндүк ала алышпайт. Трансгендерлүү адамдар дискриминацияга, зордук-зомбулукка туш болушат жана аларга тийиштүү медициналык жардам жеткиликтүү эмес. Жобону иштеп чыгуу трансгендерлүү жана ар түрдүү гендерлүү адамдарга карата дискриминацияны четтетүүгө жана алардын саламаттык сактоо тармагындагы укуктарын жана документтерин алмаштыруусун камсыз кылууга багытталган. Жобо алардын гендерин юридикалык таануу процессинин айкындыгын жана ырааттуулугун камсыз кыла турган медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү стандартын орнотууга түрткү берет”, - деп жазылган жобонун долбоорунда.


Республикалык СПИД борборунун мурда берген маалыматына караганда, Кыргызстанда да кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендер коомчулуктары, маңзат колдонгон топтор - ВИЧ илдети тароо коркунучу жогору болгон сектор катары саналат.


Кыргызстандыктардын ультра-улутчул катмарында ЛГБТ коомчулугуна сабырсыз мамиле бар. Укук коргоочулар жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын айтып жүрүшөт.

Читайте на 123ru.net