World News in Kyrgyz

Аба ырайы: жамгыр, кар жаайт

Шашылыш билдирүү:


13-14-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.


Айрым жерлерде туман түшөт.


Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.



12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10,



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,



Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,



Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 7…9° жылуу болот.




 

Читайте на 123ru.net