ИИМ: Шайлоо күнү бийликти басып алууга камданып жаткан топ кармалды
Кыргызстанда "бийликти басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштурууга" шектелген топ кармалганын бүгүн 12-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды бузууга камданып жаткан" топ, анын ар бир мүчөсү аткара турган иши тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Алар 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү "Бишкектин чет жакасында улуттук спорттук иш-чара өткөрүмүш болуп элди зомбулукка үндөгөнү жатканы, Конституцияга каршы чакырыктарды жасап, андан ары бийликти күч менен басып алуу үчүн тополоң салууну көздөгөнү" белгиленди.
Топтолгон материалдардын негизинде ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренесинин "Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу" деген бөлүгү боюнча иш козгоду.
Топтун мүчөлөрү деп жети киши тууралуу маалымат берилди. Алардын аты-жөнү ачык айтылган жок, арасында бир чет өлкөлүк жаран, Кыргызстанда туулган эки чет өлкөлүк жаран бар экени белгилүү болду, айрымдары чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы, кээ бирлери мурда соттолгону айтылды.
Негизги уюштуруучусу деп ИИМ башкы прокурордун мурдагы орун басары А.у.К. аттуу жаранды атады. Ал "каржылык камсыздоого, укук тартибин коргоо органдары менен байланышка, алардан алынган маалыматты берип турууга, жапырт башаламандыктагы жана бийликти басып алуудагы ролдорду бөлүштүрүүгө, координациялоого" жооптуу болгону кабарланды.
Баары тең соттун чечими менен Бишкектин тергөө абагына (ТИЗО 1) 10-январга чейин камакка алынды.
А.у.К. аттуу жаран башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу экени тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастаган.
Башкы прокуратура, Кубан Адыл уулу өзү же аны менен чогуу кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек.
Адыл уулу быйыл апрелде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен башкы прокурордун орун басары кызматынан алынган.
Садыр Жапаров 24-апрелде ошол маалдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.
Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдогону себеп болгон. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы жазылган.
49 жаштагы Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-2003-жылдары Нарын облусунун прокуратурасынын инспектору, жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. 2021-жылга чейин прокуратура тармагында ар кандай кызматтарда эмгектенип, 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган. (RK)