Израил жана "Хезболла» элдешүүгө бет алдыбы?
Израил жана АКШ террордук уюм деп санаган Ливандагы "Хезболла» радикал тобу ок атууну токтотуу келишимине жакындап калышты. Бул тууралуу расмий булактар жана кабар агенттиктери билдирди. АКШ жана Франциянын арачылыгы менен түзүлгөн планды премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коопсуздук кабинети жактырууга тийиш. Ал арада Израилдин армиясы Бейрутка авиасоккусун улантып, радикал топ ракеталарын атып жатат.