World News in Kyrgyz

Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды поезддери каттай баштады

Чүй облусунун тургундары үчүн күн сайын Бишкек-Токмок жана Бишкек-Кайыңды каттамындагы поезддер каттайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.



Маалыматка ылайык, Кайыңды-Бишкек каттамындагы поезд күн сайын, таңкы саат 5:07де Кайыңды бекетинен жөнөйт. Эркиндик бульварынын башындагы борбордук темир жол бекетине саат 7:32де келип токтойт. Кечинде саат 17:41де Кайыңдыны көздөй багыт алып кетет. Поезд жолдо "Бишкек-1 поезд бекети", "Сокулук", "Шопоков", "Беловодск", "Кара-Балта" бекеттерине токтоп, жүргүнчү алат.



Токмок-Бишкек каттамындагы поезд күн сайын таңкы саат 5:5те Токмок станциясынан Бишкекти көздөй жылат. Пишпек кичи районундагы Бишкек-1 поезд бекетине саат 7:21де келип токтойт. Кечинде саат 17:25те Бишкек-1 бекетинен Токмокту көздөй жылат. Поезд жолдо "Бишкек-2", "Аламүдүн", "Кант", "Ивановка" бекеттерине токтойт.



Жол кире балдар үчүн 20 сом, чоң кишилер үчүн 56 сом. Мындан тышкары 5 жашка чейинки бир балага жана колго көтөргөн (36 кг чейин) жүккө акы алынбайт.

Белеттерди темир жол бекеттеринен, мобилдик тиркеме аркылуу, поезддеги узатуучулардан сатып алууга болот.




Бишкекте Батыш, Чыгыш автобекеттери жабылып, андагы автобус, такси каттамдары шаардын сыртына чыгарылгандан кийин,элде нааразылыктар пайда болгон. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы аймактарга кетүү үчүн Алматы-1/1 дарегине жайгашкан "Бишкек" автобекетине, ал эми өлкөнүн түштүк-батышындагы аймактарына кетүү үчүн жаңы ипподромдун жанына жылдырылган убактылуу автобекетке жетүү машакатка айланганы соцтармактарга жарыяланган.


Мэрия бул шаардагы жол тыгынды азайтуу максатында убактылуу чара экенин, жаңы автобекет Фучик көчөсүнө курулуучу ири комплекске жайгашарын билдирген.(ZKo)




 


 

Читайте на 123ru.net