Бишкекте “Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты
“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.
Ошондой эле жеңилдетүү берилген кардарларга компания эмес, айдоочулар акча кошуп жатканын белгилешти.
“Мисалы, айдоочу бир айда 120 миң сом тапса, анын 26 миң сомун “Яндекс“, 4 миң сомун таксопарктар алып жатат. Жалпы 30 миң сомун эле компания алып коет”, - деди айдоочулардын бири Анжела Касымова.
Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, компаниянын ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 7% түшүрүүнү талап кылышты. Акцияга чыккандарга компаниянын атынан эч ким жооп берген жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн билдирген.
Анда ишкана жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы бир нече жолу чара көргөңүнө карабай, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышканы белгиленген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айткан.
“Яндекс.Такси” компаниясы Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке каккан. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын билдирген. (MKt)