World News in Kyrgyz

Өзбекстанда орусиялык журналист Алексей Пивоваров кармалып, кое берилди

Жекшембиде Өзбекстанда "Редакция" ютуб-каналынын негиздөөчүсү, орусиялык журналист Алексей Пивоваров жана жергиликтүү Hook.report басылмасынын журналисти Фарида Мехсетова кармалды. Алар Өзбекстан тууралуу даректүү тасма тартып жатышкан. Алардын кармалганы тууралуу hook.report сайты маалымдады.



"Нукуста (Кара-Калпакстандын борбору - ред) бизди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери сүйлөшүүгө чакырышты. Биз өзүбүз, ишибиз, пландарыбыз тууралуу айтып бергенбиз. Кызматкерлер сылык мамиле кылып, кое беришти. Баары жакшы, андан ары жылдык", - деп жазды Пивоваров соцтармактагы баракчасына.


Hook.report сайтында жазылгандай, укук коргоо органдары сүйлөшүү учурунда "Редакция" Өзбекстанда тарткан бардык материалдарды алып, андан кийин орусиялык журналисттерди Ташкенттин аэропортуна жеткирип койгон. Өзбекстан ИИМи журналисттердин кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.


Podrobno.uz. сайтынын маалыматына караганда, журналисттердин кармалышына жергиликтүү тургундун арызы негиз берген.



Алексей Пивоваров – Орусиялык НТВ телеканалынын мурдагы кабарчысы жана маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси, ошондой эле RTVI телеканалынын башкы продюсери болгон. 2019-жылы мартта журналист өзүнүн ютуб каналын ачкан. "Редакциянын" негизги контенти - жаңылыктар жана өздөрү тарткан даректүү тасмалар. Каналдын 4,5 миллион чамалуу катталуучусу бар. 



Орусиянын бийлиги Алексей Пивоваров менен анын ютуб-каналын чет элдик агенттердин тизмесине кошкон.


Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.



2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген.




 

Читайте на 123ru.net