World News in Kyrgyz

Балтика өлкөлөрү Грузиядагы толкундоону күч менен таркатууга катышкандарга санкция салат

Эстония, Латвия жана Литва Грузиядагы нааразылык акцияларынын катышуучуларын күч менен таркатууга тиешеси барларга санкция киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна билдирди.


"Демократияга каршы чыккандарга жана адам укуктарын бузгандарга биздин өлкөлөрдө жол жок", - деп жазды X социалдык түйүнүндө.


Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 29-декабрдан бери 224 киши кармалды. Алар майда бейбаштык, полицияга каршылык көрсөтүү жана баш ийбөө беренелери менен айыпталууда. Дагы эки демонстрантка полициячыларга кол салуу беренеси менен кине тагылды.


Төрт миллиондой калкы бар бул өлкөдө толкуундоолор өкмөт Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөй турганын жарыялагандан кийин башталган.



Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макамын алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын белгилеп, Тбилисиге бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токтой турганын жарыялаган.

Читайте на 123ru.net