World News in Kyrgyz

Грузияда өкмөт менен элдин тиреши курчуду

Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында парламенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда. Баш калаада дүйшөмбүгө караган түнү полиция чогулгандарды кайрадан күч менен таратты. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары маалымдагандай, тартип коргоочулар парламенттин жанында турган демонстранттарды уруп-сабап, суу бүркүп, жаш агыза турган газ, башка химиялык заттарды чачты. Грузин өкмөтү 28-ноябрда Еврошаркет менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрү 4 жылга токтотуларын жарыялагандан кийин каршылык акциялары тутанган. Аларга президент Саломе Зурабишвили да кошулган.

Читайте на 123ru.net