Сузакта тарбиячынын балага кол көтөргөнү тартылган тасма боюнча териштирүү жүрүп жатат
Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тарабынан райондун Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөрүлгөн учур тартылган тасмалар боюнча териштирүү жүргүзө баштады.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган тасма боюнча Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат таратып, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан балага кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, кызматтык иликтөө иштери башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегиндеги чара көрүлмөкчү.
Министрлик териштирүү иштеринин жыйынтыгына жараша тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн кошумчалды.
Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер экенин, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбесин жана катуу тыюу салынарын эскертти.
"Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөлдөөнү уюштуруу колго алынат. Ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрү жана ден соолугун сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - деп билдирди Билим берүү жана илим министрлиги.
2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районундагы "Кенжетай-1" бала бакчасында балдарды белгисиз аял уруп жатканы тартылган тасма тараган. Андан бакчанын кенже тобундагы балдар тамак ичип жаткан кезинде тамак жебей ыйлап жаткан балага арткы фондо отурган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка дагы бир баланы далысына чапкылап жатканы тартылган. Тасманы интернетке тараткан адам балдардын жеп жаткан тамак-ашынын сүрөттөрүн да жарыялаган. Анда балдарга берилген тамак-аштын сапатынын начарлыгы, бала бакчанын санитардык абалга жооп бербей турганы тартылган.
Билим берүү жана илим министрлиги балдар бакчаларында, мектептерде балдарга жасалган орой мамиленин алдын алуу максатында видео көзөмөлдөө уюштуруларын билдирген,
Расмий маалыматка караганда, 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанда бакчаларга өлкөдөгү балдардын 28,3% гана барат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыркы Элдик курултайда 2024-жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыларын убада кылган.(ZKo)