Тбилисиде демонстранттар Чавчавдзе проспектисинн бууганы кабарланды
Грузиянын борборунда бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары 3-декабрга караган түнү Руставели аянтынан мамлекеттик университет тарапка жылышты. Алар аянттан кетип, Чавчавадзе проспектисин бууй турганын журналисттерге билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.
Алар кеткенден кийин муниципалдык кызматтар Руставели проспектисинде коюлган баррикадаларды жыйнай башташкан.
Митингчилердин соңунан полиция дагы Чавчавадзе көчөсүнө барган кезде митингчилер жолду бууп калышканы кабарланды.
2-декабрь күнү Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе "акциянын чыныгы катышуучулары менен жолугуп, алардын талабы боюнча талкууга даяр экенин" брифингде билдирген.
Төрт миллиондой калкы бар бул өлкөдө толкуундоолор өкмөт Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөй турганын жарыялагандан кийин башталган. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган.
Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, 29-декабрдан бери 224 киши кармалды. Алар майда бейбаштык, полицияга каршылык көрсөтүү жана баш ийбөө беренелери менен айыпталууда. Дагы эки демонстрантка полициячыларга кол салуу беренеси менен кине тагылды.
Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макамын алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын белгилеп, Тбилисиге бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токтой турганын жарыялаган.