World News in Kyrgyz

Садыр Жапаровдун Сеулга расмий сапарында бир нече документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапарынын алкагында корей лидери Юн Сок Ёл менен жолугушуусу өтүп, анда эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 3-декабрда билдирди.


Жолугушууда Юн Сок Ёл кореялык компаниялар кыргыз рыногуна көп чыга баштаганын, былтыр түз аба каттамдардын ачылганын белгиледи.


“Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбор Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбор Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы - K-Silk Road (“Кей – Жибек Жолу”) Корея – Борбор Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган”, - деди Юн Сок Ёл.


Жапаров Кыргызстан Түштүк Корея Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөр ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн айтты.


“Келерки жылы биздин өлкөлөрдүн президенттеринин саммитин өткөрүү саясий жана экономикалык кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде мындан ары тереңдетүүгө болгон маанилүү кадам. Аймактарыбыздын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган Сиздин «Кей – Жибек Жолу» (K-Silk Road) демилгеңизди толугу менен колдойм”, - деди Жапаров.


Жапаров Корея Республикасы менен экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.


Жапаровдун расмий сапарынын алкагында бир нече документке, эки өлкө ортосунда Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүү, климатты өзгөртүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө ортосунда кош салыктан баш тартуу  протоколуна кол коюлду. Билим берүү, санариптештирүү, экономика, энергетика, экология тармагында кызматташуу боюнча меморандумдар кабыл алынды.


Президент Садыр Жапаров 2-декабрда расмий сапары менен Сеулга барган.

Читайте на 123ru.net