World News in Kyrgyz

Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин тереңдетүү келишими ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Келишимге ушул жылы 19-апрелде президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарында кол коюлуп, Жогорку Кеңеш 30-октябрда мыйзамды кабыл алган.


Маалыматта келишимдин максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо экени жазылган.


“Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп жазылган билдирүүдө.


Документ эки өлкө ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу аракеттенүүнү бекемдей турганы жазылган.


1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун мезгилден бери 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган. Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү эл аралык альянстарга мүчө.


Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын чакырымдарга созулган тыгыны байма-бай болуп турат. Ишкерлер менен эксперттер Казакстан кыргыз товарлары үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып, саясий кызыкчылыктан улам өз үстөмдүгүн атайын көрсөтүп келет деп эсептешет.

Читайте на 123ru.net