World News in Kyrgyz

Төрага Шакиев жаңы гимн апрелге чейин кабыл алынышы керектигин белгиледи

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы мамлекеттик гимн келерки жылдын апрелине чейин кабыл алынышы керектигин билдирди.


Бул тууралуу 3-декабрда Шакиев кеңешме өткөрүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.


Жыйында Шакиев гимнди өзгөртүү ишине коомчулуктун катышканы маанилүү экенин, жаңы символ кабыл алынганга чейин анын долбоору кеңири талкууланып, сынактар өтүшү керектигин белгиледи.


“Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт”, – деди Шакиев. 


Төрага азыркы гимндин кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош жана анын сөзүнүн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча коомчулукта пикирлер айтылып жатканын мисал келтирди.




Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бул маселе боюнча Жазуучулар жана Композиторлор союзу баштаган тиешелүү бирикмелер жана адистер менен атайын жыйындарды өткөрүп, иш алып бара турганын тактады. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга жаңы кабыл алына турган гимндин текстине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.


Мамлекеттик гимнди жаңыртуу маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада айтып чыккан. Ал "мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек" деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.


Кыргызстандын азыркы гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. (TAb) 

Читайте на 123ru.net