Түштүк Кореяда оппозиция президентке импичмент жарыялоого чакырды
Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы 4-декабрда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырды. Рейтер агенттиги жазгандай, бул талапты оппозициядагы дагы беш партия колдоого даяр. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн.
Ал арада президенттин администрациясынын кызматкерлери жапырт иштен кетүү тууралуу каалоосун билдиришти. Yonhap маалымат агенттиги жазгандай, алардын арасында Юндун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Син Вон Сик жана президенттин администрация башчысы Чон Чжин Сок дагы бар.
Ушул эле күнү, 4-декабрда бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү Сеулдагы Кванхамун аянтында президент киргизип, кайра жокко чыгарылган аскердик абалды талкуулоого чогулушту. Алар өкмөттүн да кызматтан кетишин талап кылышты. Полиция алардын саны 400дөй экенин маалымдады.
Корей профсоюздар конфедерациясы, бир катар бейөкмөт уюмдар маалымат жыйын өткөрүп, президенттин аскердик абал жарыялоо чечими мыйзамсыз жана Конституцияга каршы экенин билдиришти.
3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.
Бир нече сааттан кийин парламент аны жокко чыгарган. 4-декабрдын таңында президент өз чечимин артка кайтарууга аргасыз болгон.
Түштүк Кореядагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ал жактагы кыргыз жарандарын тынчтыкка, этият жана өздөрүнө сак болууга чакырды.