World News in Kyrgyz

Камсыздандырылбаган унааларга айып пул салуу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду мыйзам күчүнө киргенден жарым жылдан кийин салуу сунушталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров 3-декабрда парламентте билдирди.



Ал Жогорку Кеңештин Коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1,6 млн транспорттук каражат каттоодон өткөн болсо, учурда 108.6 миң автоунаа гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.



"Милдеттүү турдө камсыздандырылган автоунаалардын 22,5 миңи мекеме-ишканаларга таандык, 41 800 автоунаа жеке жарандардыкы. Биз баштапкы жарым жылда автоунаасын камсыздандырбаган жарандарга айып пул салбай, эскертүү менен гана чектелүүнү көздөп турабыз. Анткени жаңы жылга чейин көпчүлүк айдоочулар унаасын камсыздандырууга үлгүрүшпөйт", - деди Пирназаров.



Финкөзөмөл кызматынын төрагасы маалымдагандай, автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 1068 сомдон башталат. Кыймылдаткычынын күчүнө карай баалар кымбат болот.



Бир катар депутаттар жарым жылдык мөөнөт аздык кыларын белгилеп, айып пул салууну 2026-жылдан баштоону, ага чейин айдоочуларга автоунаасын камсыздандыруусуна мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтышты.



Депутат Бактыбек Сыдыков автоунаасы камсыздандырылбаган айдоочуларга айып пул салуу элди кыйноого жатарын айтты.



"Эл силерди түшүнбөйт. Силерде азыр 1,5 млн ашуун машинени камсыздандырып жетишүүгө убактыңар да, күчүңөр да жетпейт. Элди гана кыйнайсыңар. 1 млн автоунаанын айдоочусуна айып пул салып, 3 млрд сом жыйнайсыңар дейли. Ошондо элдин акчасы менен бюджетти толтурган жатасыңарбы? Мен буга караманча каршымын", - деген депутат алгач айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды.



Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан башталат. Токтомго ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.




Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Ага ылайык, автоунааны сатып алып жаткан жана анын ээси да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болчу. Башкача айтканда бир машинеге эки жолу ОСАГО полиси алынып жаткан. Айдоочулар буга нааразылыгын билдиришкен.



Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин берүү лицензиясы 13 ишканада бар.(ZKo)




 

Читайте на 123ru.net