World News in Kyrgyz

Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат

Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөндөргө айып пул салынарын эскертти.


Шаардык бийликтин маалыматына караганда, мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрөт.


Муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр 1000 сом айыпка жыгылат.


Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.


Чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу, мектеп окуучулары болсо айына 360 сомго жол “Тулпар” карталарын (чексиз, лимити жок) сатып алышат.


Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net