2024-жылдын он айында Кыргызстанга сырттан 2,5 млрд доллар которулду
Январь-октябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 2,5 млрд доллар которулган. Улуттук банктын маалыматына караганда, бул былтыркы он айдагы көрсөткүчтөн көп.
Которулган акчанын басымдуу бөлүгү - 2,3 млрд доллар Орусиядан келген. Кыргызстандан Орусияга бул аралыкта 323 млн доллар которулган.
Алыскы чет өлкөлөрдөн 158 млн доллардан ашуун которулган.
2023-жылдын январь-октябрында өлкөгө сырттан которулган акчанын суммасы 2,2 млрд доллар болгон.
Былтыркы он айда Кыргызстандан сыртка 455 млн доллар которулган болсо, быйыл бул көрсөткүч 383,8 млн долларды түздү. Башкы банк белгилегендей, быйыл Кыргызстандан сыртка акча которуу кыйла азайган.(ZKo)