Министрлик Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейт деп эсептейт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарындагы абанын сапатын өлчөөчү жабдууларды сыноонун жыйынтыгы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, жабдуулар туура эмес маалымат берери аныкталганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 5-9-декабрь күндөрү Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору шаардын бир катар мекемелерине орнотулган аба сапатын текшерүүчү жабдуулар текшерген. Жыйынтыгында жабдуулар абанын сапатын өлчөөдө Кыргызстандын белгиленген мыйзамдарына ылайык келбегени аныкталган.Тактап айтканда, министрик ал жабдуулар мамлекеттик текшерүүдөн өткөн эмес жана калибрленген эмес деп билдирди.
Мекеме ошондой эле аба сапатын өлчөөчү аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде жайгашкандыктан, атмосфералык абанын сапаты боюнча туура эмес маалыматтарды берген деп эсептейт.
Ошондой эле бардык бардык кызыкдар тараптарды бул мыйзам бузууларды оңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө жана абанын сапаты боюнча ишенимдүү маалыматтар менен гана бөлүшүүгө чакырган.
Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 11-декабрдагы (саат 19:42) индексинде Бишкек 243 көрсөткүчү менен "абасы эң кир" шаарлардын 1-сабына чыккан. Күндүз 5-6-сапта турган.
Ушул эле сайттын ноябрь айындагы индексинде Бишкек 185 көрсөткүчү менен абасы таза эмес шаарлардын баштапкы беш сабына кирген.
Бишкекте жыл сайын кышында, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет. Суук күч алган акыркы күндөрү социалдык тармактарда да борбор калаанын абасы ышка толгонуна нааразылыктар арбын жазылган.
Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан.(ZKo)