Президент Жапаров автоунааларды милдеттүү техникалык кароо сунушуна каршы экенин билдирди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү сунушуна каршы.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына 12-декабрда жазды.
Ага ылайык, президент Жапаров техникалык кароону милдеттүү түрдө кайра киргизүүнү караган токтом долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.
Алагөзовдун маалымдаганына караганда, мамлекет башчы бул мыйзам долбооруна төмөнкү жүйөлөрдөн улам каршы болгон:
"Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору", - деп жазылган билдирүүдө.
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлган. Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилеген.
Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башындагы эсеби боюнча 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өтсө, анын ичинен 1 млн 387 миң 679унун же жалпы автоунаалардын 86,6% заводдон чыкканына 15 жылдан ашкан. 1 млн 600 миң 691 автоунаанын 86 миң 108и юридикалык жактарга, калган 1 млн. 514 миң 583ү жеке адамдарга катталган.
Өлкөдө 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган. (ZKo)