World News in Kyrgyz

Орусия Сириядан аскердик техникасын чыгарууда

Орусиянын жүк ташуучу учагы 14-декабрда таңга маал Сириянын батышындагы Хмеймим авиабазасынан учуп чыгып, Ливияга багыт алганы кабарланды.



Рейтер агенттиги базаны көзөмөлдөгөн сириялык аткаминерге шилтеме жасап, Сириянын лидери Башар Асад кулагандан кийинки эвакуациялоонун алкагында жакынкы күндөрү Орусиянын дагы бир нече транспорттук учактары базадан чыгып кетиши күтүлүп жатканын маалымдады. 



Maxar космостук компаниясы тарабынан 13-декабрда тартылган спутник сүрөттөрүндө Орусиянын Хмеймим авиабазасынан аскердик техникасын чыгарууга даярданып жаткандай көрүнөт.



Сүрөттөрдө бери дегенде эки Ан-124 жүк ташуучу учактары ачык асфальтта жүргөнү тартылган.



Reuters агенттигинин булагы 14-декабрда учуп кеткен учактын үлгүсүн ачыктаган эмес.



Агенттик 14-декабрда эртең менен аба базада Ил-76 жүк ташуучу учагы көрүнгөнүн, ал эми тик учактар объектинин периметри боюнча учуп жүргөнүн кабарлады.




Орусиянын 2015-жылы Сириядагы согушка кийлигишүүсү Башар Асадды бийликте сактап калууга жардам берген,. Бирок Асаддын режими өткөн аптада АКШ тарабынан террордук уюм деп таанылган Хаят Тахрир аш-Шам (HTS) жана анын союздаштары тарабынан кулатылды. Башар Асад үй-бүлөсү менен Орусиянын борбору Москвадан башкалка алган. Козголоңчулар Дамаскка жакындап калганда Орусия Асадга өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам берип, ага башпаанек берген.



"Азаттык" ушул аптанын башында спутниктен тартылган сүрөттөрдүн негизинде Орусиянын Ил-76 учагы 10-декабрда Ливиядагы Аль-Жуфра авиабазасына конгонун аныктаган. Учак кайдан келгени жана кийин кайда кеткени тууралуу маалымат жок.




Буга чейин айрым маалымат каражаттары Орусия Сириядагы базаларын сактап калуу үчүн Дамасктагы жаңы бийликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазышкан.



Хмеймимден тышкары Орусиянын Сириядагы Тартус шаарында аскер-деңиз базасы бар. Бул анын мурдагы Советтер Союзунун чегинен тышкаркы жалгыз аскер-деңиз базасы.




 

Читайте на 123ru.net