World News in Kyrgyz

WSJ Түркия Сириядагы күрддөргө каршы операцияга камданып жатканын жазды

Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин Түркия Сирия менен чек ара  аймагында аскерлеринин санын көбөйтүүдө.


Мындан улам Кошмо Штаттар учурда сириялык күрддөр көзөмөлдөгөн провинцияга Түркия кирип барышы мүмкүн деп чочулап турат.


Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды. Жогорку даражалуу америкалык өкүлдөр билдиргендей, Түркия артында турган сириялык куралдуу түзүмдөр Кобани шаарынын тегерегине топтолууда. Сириянын түндүгүндөгү бул калаа учурда күрттөрдүн карамагында.


Түркия Сирияда жарандык согуш күчөп турган 2019-жылы өлкөнүн түндүгүндө жана түндүк-батышында күрд түзүмдөрүнө каршы операция жүргүзгөн. Анда бир катар чек арага жакын аймактар Түркия артында турган күчтөрдүн карамагына өткөн.




Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин өлкөнүн батыш тарабы дээрлик толугу менен Түркияга таянган, өзүлөрүн "Сирия улуттук армиясы" деп атаган топтун карамагына өттү. Өлкөнүн чыгышы жана түндүк чыгышын күрд козголоңчулардын "Сирия демократиялык күчтөрү" көзөмөлдөп турат. Түркия алардын террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар деп эсептейт.


Маалыматка караганда, дал ушул Сирия демократиялык күчтөрүнүн жарандык администрациясынын башчысы Илхам Ахмед АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка кат жазган. Анда ал Трамптан Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганга операцияны болтурбоо үчүн басым жасоону суранган.


Трамп 16-декабрда Түркиянын колунда Сирия боюнча бардык көзүрлөр бар экенин айтып, Анкаранын аракеттерин сынга алган.




 

Читайте на 123ru.net