World News in Kyrgyz

Министр Ажикеев Миң-Кушта уран калдыгын тазалоо иши апрелге чейин уланарын билдирди

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын рекультивация иштери келерки жылдын апрель айына чейин уланат. Бул тууралуу 21-декабрда III Элдик курултай учурунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев делегаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Министрдин айтымында, Орусия уран калдыктарынан арылуу үчүн жаңы долбоорго 2 млрд 141 млн рубль бөлгөн.



Министрликтин маалыматына караганда, Миң-Куш айылындагы уран калдык сактоочу жайларын рекультивациялоо жумуштары аягына чыгууда. Ал эми Майлу-Суу шаарына жалпы грант түрүндө 23 млн евро бөлүнүп, 16 объектиде зыянсыздандыруу жумуштары башталган. Быйыл 2 объектиде 80 пайыз жумуш аткарылып, 4 объектини көчүрүүгө даярдалып жатканы айтылды.



Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы аткарууда.



2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.



Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.



Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат.



2-сентябрда Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында “Туюк-Суу” уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа токтоп калган жерде калдыктар жерге төгүлбөгөндүгүн жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталганын кабарлаган. Калдыктар башка машинеге жүктөлүп, алынып кеткен.



1-июнда да Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. ӨКМ автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.



Бирок кийин автоунаа сайга кулаган учурда ичинде уран калдыгы болгону аныкталган.(КЕ)




 

Читайте на 123ru.net