Шыкмаматов менен Амангелдиев ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтышты
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кайым айтыша кетти.
Жыйында Шыкмаматов буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрлөрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген пикирин билдирди. Ал "Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 13 миндей экенин белгилеп, анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес" деген жүйө келтирди.
Депутат Элвира Сурабалдиева “мындай демилгени Алмамбет Шыкмаматов кызматка жаңы дайындалган соң айтып жатса, демек президент менен макулдашылган” деп түшүнүп жатканын белгилеп, муну кубаттай турганын билдирди.
Мындан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз алып, Шыкмаматовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу сөзү анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин айтты.
“Бул маселе дагы талкууланат. Адылбек Касымалиев өз программасы менен парламентке келгенде ишкерлер арасында ЭТТКны толтуруу жана жеке кабинетке кирүү көйгөйлүү маселе экенин айткан. Дал ушул эки маселени Алмамбет Насырканович кийинки жылдын биринчи кварталында чечиши керек. ЭТТК жок баары бир болбойт. Буга чейин Улугбек Зулпукарович ишкерлер ККМ же патент менен иштешине шарт түзүлсө деген сунуш айтып кетти. Бирок бул жерде андай иш жүрбөйт. Анткени патент менен болгон күндө да ККМ керек. Ошондуктан ККМ деген эмне, ЭТТК деген эмне экенин, маселени түшүнүп анан айтыш керек. Биздин саясат - ККМден кетпейбиз, ЭТТКны токтотпойбуз”, - деди Амангелдиев.
Буга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жооп кайтарып, буга чейин ЭТТКны киргизүүдө тиешелүү анализ жок болгонун билдирди:
“Мен унчукпай эле отурайын десем, өздөрү тилден тартышат. Сөздүн төркүнү “бул түшүнбөй эле айта берет” деген болуп жатат. Андай эмес, мен жакында дал ушул ЭТТКга анализ жок, туура эмес киргизилгени үчүн жоопкерчиликке тартыла турган адамдардын маселесин көтөрөм", - деди.
Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев өткөн жумада парламентте жаңы салык саясаты соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (орусчасы ЭТТН), көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭЭФ, орусчасы ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирген.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткен. Мындай кадам салык маселесине байланыштуу болгонун президент Садыр Жапаров билдирген.
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (ErN)