World News in Kyrgyz

Тиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү: стоматолог 5 жарым жылга, анестезиолог 6 жылга кесилди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча иш боюнча 23-декабрда өкүм чыкты. Бул тууралуу 24-декабрда аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматта айтылгандай, бул иш боюнча айыпталуучулардын бири – стоматолог Айганыш Кадыркулова (К.А.Н) 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын бөгөт чарасы үй камагынан камакка өзгөртүлүп, сот залынан камалды.


Мындан сырткары анестезиолог Айнура Туратбекова (Т.А.Т.) 6 жылга кесилди. Ал буга чейин камакта болчу.


Ахунбаев атындагы Медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков (И.М.Б.) 5 жылга кесилип, 3 жыл пробация берилди. Анын бөгөт чарасы камактан эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, бошотулду.


Стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбеков (Т.Д.Т.) 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөөгө өкүм кылынды. Ал да буга чейин камакта болгон.


“Дентомакс” жеке клиникасынын директору Байыш Шамурзаев коюлган айыптар боюнча акталды.


Соттолуучулардан жабырлануучуларга моралдык компенсация үчүн 1 млн сом жана материалдык чыгым үчүн 541 745 сом өндүрүү чечими чыкты.


Үч жаштагы Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда Бишкектеги жеке Dentamax (Дентомакс) жеке клиникасында алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.


Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.


Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып “тишин тазалайбыз” дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан. Адистердин бул кызматы 106 миң сомго бааланган.


Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттук кароо быйыл апрелде башталган. (ErN)

Читайте на 123ru.net