Кадырбек Досонов абакта сабалганы кабарланды, ЖАК четке какты
“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында (№21 мекеме) мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” билдирди.
“Акыйкатчы институнун кызматкерлери 23-декабрда тергөө абагына кирип чыккандан кийин мага маалымат беришкен. Алар Кадырбек Досонов оор абалда жатканын, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтышты. Бүгүн он чакты тууганы №21 мекемеге барып жолугалы десе “соттон уруксат алып келгиле” деп”, - киргизбей коюшту деди ал.
Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отургандардан кабар алган. Мекеме абакта 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышканын билдирген. Жаза аткаруу кызматы маалыматты четке каккан.
Андан тышкары эки адам К.Д. (ред: Кадырбек Досонов) жана Д.Ш. (ред: Данияр Шүкүров) тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылган.
“Алардын айтымында, союл менен сабап, тепкилешкен. Денеcинде ур-токмоктун белгилери-шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү”, - деп айтылат Акыйкатчы институту тараткан маалыматта.
Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кадырбек Досонов жана Данияр Шүкүров маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү болгонун жана Данияр Шүкүров өзүн №1 тергөө абагынын (№21 мекеме) “положенеци” деп эсептей турганын билдирди. Ошондой эле экөө тең Акыйкатчы институтуна берген арызынан баш тартышканын, сабалганы тууралуу абактын администрациясына даттанышпаганын кошумчалады.
ЖАК жабык жайларда кармалгандар мекемеде белгиленген тартипти сактоого, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү экенин, камералар жана кийимдери таза жана тыкан болушу керектигин эскертти. Эркектер чачын жана сакал-мурутун кыска алып жүрүшү керектигин да белгиледи.
Сот Кадырбек Досоновду 29-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, “Адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап 20 жыл эркиндигинен ажыраткан.
Данияр Шүкүров “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча 12-апрелде 18 жылга кесилген. (BTo)