World News in Kyrgyz

Казакстанда кулаган учактагы үч кыргызстандык ооруканада, биринин абалы оор экени кабарланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Актауда кулаган учакта үч кыргыз жараны болгонун тактады. Мекеменин маалыматына караганда, азыр үч жаран тең Мангыстау облустук ооруканасында жатат. Алар 2004, 1998, 1988-жылы туулган жарандар. 


Биринин абалы оор, калган эки жарандын өмүрүнө коркунуч жок экени, баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.  


Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, учак кырсыгында аман калган 29 кишинин 27си ооруканага жеткирилген, 11и реанимация бөлүмүндө.


Облустук балдар ооруканасына 11 жана 16 жаштагы эки бала түштү.


Буга чейин кырсыкка кабылып, аман калгандардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар экени айтылган. 14ү Азербайжан, ону Орусиянын жарандары экени маалымдалып, дагы үч киши кайсы мамлекеттин атуулу экени такталып жаткан.  


Учак бортунда экипаждын беш мүчөсүн кошкондо жалпы 69 киши болгону айтылган. 


Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түштү.


Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.


Кырсыктын себептери иликтенип жатат.




 

Читайте на 123ru.net