World News in Kyrgyz

ЖАКтын жаңы жетекчиси соттолуучуларды криминалдык түшүнүктөрдөн баш тартууга чакырды

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жаңы дайындалган жетекчиси Чыңгыз Кожошев 24-25-декабрда Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагын (№1 тергөө абагын) жана №1, №3, №27, №31 колонияларды кыдырып, мекемелердин кызматкерлери жана соттолуучулар менен жолукту. Бул тууралуу ЖАКтын Фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.


Кожошев кызматкерлерге мыйзамды жана тартипти так сактоону эскертип, абактагылардын укуктарын сактоого чакырды жана коррупциялык аракеттерге жол берилбей турганын айтты.


Мекеме жетекчиси ошондой эле соттолуучулар менен жолугушууда абактардагы шарттарды жакшыртуу пландары жөнүндө айтып, алардын укуктары толук сакталарын убада кылды. Ошол эле маалда ал абакта жаткандарды жаза өтөөнүн тартиптерин толук сактап, мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө чакырды жана криминалдык түшүнүктөрдөн баш тартууга үндөдү.


Чыңгыз Кожошев соттолуучуларга абактардагы абалды туруксуздаштырууга аракет кылган бардык аракеттерге, кызматкерлердин талаптарына жапырт баш ийбөө жосуну катталса, аларды коркутуу же зомбулуктар көрсөтүү болсо, катуу чара көрүлөрүн эскертти.


Жаза аткаруу кызматынын маалыматында соттолуучулар абактагы шарт жана соңку окуялар жөнүндө айткан-айтпаганы тууралуу жазылган эмес.


Бир катар басылмалар жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары 20-декабрда №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) соттолуучуларды жана айыпталуучуларды жапырт тинтүү жана уруп-сабоо болгонун жазып чыгышкан. Абактагылар буга жана ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалымдалган. Камактагылардын жакындары тергөө абагынын алдына чогулуп, түшүндүрмө да талап кылышкан.


Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отургандардан кабар алган. Мекеме абакта 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышканын билдирген. Маалыматта эки адам К.Д. (ред.: Кадырбек Досонов) жана Д.Ш. (ред.: Данияр Шүкүров) тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылганы баяндалган.


Жаза аткаруу кызматы 24-декабрда бул маалыматты четке кагып, Бишкек шаары жана Чүй облусундагы түзөтүү мекемелери менен убактылуу кармоочу жайларда отургандар мыйзамсыз жолдор менен пайдаланып келген 685 даана уюлдук телефонду, тыюу салынган буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүп беришкенин билдирген.


Башкы прокуратура 25-декабрдагы билдирүүсүндө Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) 20-декабрда катталган окуя боюнча текшерүү жүргүзгөнүн кабарлап, жакын арада Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилерин маалымдады. (ErN)

Читайте на 123ru.net