World News in Kyrgyz

Көлбаевге жакын делген казак ишкерине таандык "Симирам" пансионаты мамлекетке алынды

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан "Симирам" эс алуу борбору мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.


Маалыматта пансионаттын жалпы аянты 4679 чарчы метрлик имараттардан жана курулмалардан турары, болжолдуу наркы 1 млрд 84 млн 657 миң сомду түзөрү айтылат.


Эс алуу борбору башкаруу үчүн Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.


УКМК 12-августтагы билдирүүсүндө казакстандык ишкер, Ысык-Көл районундагы “Симирам” эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыяланганын маалымдаган.


Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) мыйзамсыз иштер менен алектенерин жана оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгонун билип туруп Кыргызстанда аны менен чогуу ишкерлик кылуу үчүн байланыш түзгөнү аныкталган.


Тергөөдө Ясынжан Таиров Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо үчүн ага 200 миң доллар бергени такталган. Ошондой эле “Симирам” эс алуу борборунун ээси “уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө эс алуу үчүн коттеждерди жана эс алуу жайларын берип турганы, Таиров Көлбаевге ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруп, кымбат баалуу белектерди берип турганы” да айтылган.


Коопсуздук комитети Ясынжан Таиров менен Камчы Көлбаевдин жолугушуулары кримтөбөлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Барс” комплексинин аймагында өткөнүн ошол маалда эле кошумчалаган.


Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (ErN)

Читайте на 123ru.net