World News in Kyrgyz

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин ырастады

Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Ал муну коопсуздугу менен байланыштырды. Кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун билдирди:



"Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир".



67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин укуктарын, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.



2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жаткан.


Укук коргоочу былтыр августта үйүнө белгисиз адамдар келип, кирүүгө, телефонун алууга аракет кылышканын айтып чыккан. Ал мунун артында күч кызматтары турат деген шектенүүсүн айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага кайрылган.


2022-жылы 15-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча отуз чакты адам кармалганына нааразылык кылып, митингге чыккандарды милиция кууп тараткан кезде ал жерде мониторинг кылып жүргөн укук коргоочуну кармап кеткен. Абдирасуловага "милиция кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн" айып тагылып, Биринчи май райондук соту үч миң сом айып салган. Кийинчерээк Бишкек шаар соту аны жокко чыгарган. (ZKo)




 

Читайте на 123ru.net