World News in Kyrgyz

ЭТТК боюнча жеңилдиктер жакын арада иштелип чыгары айтылды

Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) маселесин анализдөө боюнча жумушчу топ түзүлүп, жакын арада биринчи вариантын иштеп чыгарын “Азаттыкка” билдирди.


“Азыр жумушчу топ түзүлдү. Тез аранын ичинде ЭТТК бардык жеңилдиктерди аныктап, юридикалык жактарын карап, мыйзамдарга, токтомдорго өзгөртүү киргизүүнү регламентте каралган эң кыска мөөнөттө жасагыла деген президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынан тапшырмасын алдык. Бир жума же он күндүн ичинде биринчи вариантын сунуштайбыз”, - деди Шыкмаматов.


Шыкмаматов ЭТТК боюнча жеңилдиктер гана каралганын, андан толук баш тартылбай турганын кошумчалады.


30-декабрдагы өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЭТТК боюнча тез арада жеңилдиктерди анализдөө боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берди.




Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.


Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга - калтырууну сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.


Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (TSh)




 

Читайте на 123ru.net