World News in Kyrgyz

2024: Оппозициянын абалы, мандаттан айрылгандар, саясий жүрүштөр

2024-жыл – Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жогорку Кеңеште ар кандай себептер менен ондон ашык депутат мандатынан ажыраса, “бийликти басып алуу” беренеси менен бир нече саясатчы камалып, “Кемпир-Абад” иши менен айыпталгандар биринчи инстанциядан акталып, бирок шаардык сотто кайра карала баштады. Жыл башында кармалган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов “бейбаштык” менен соттолуп, 200 млн доллар төгүп абактан чыкты. Жыл аяктап баратканда өкмөттү үч жылдай башкарган Акылбек Жапаров салык чыры менен кызматтан кетти. Жыл ичинде мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев маселеси дагы көтөрүлдү. Кесиптешим Токтосун Шамбетов жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөр жөнүндө баяндайт.

Читайте на 123ru.net