World News in Kyrgyz

Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге чейин көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдолуп, материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргөнүн билдирди.


"Академия мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болушу керек", -  деген президент эми кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн жарыялады.


Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген.


2023-жылдагы маалымат боюнча, академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Коомчулукта академияны реформалоо зарыл деген пикирлер айтылып келет.




 

Читайте на 123ru.net