Германия, Франция жана Польша Грузиядагы куугунтуктоолорду айыптады
Германия, Франция жана Польшанын тышкы иштер министрлери Грузиядагы "саясий кризис" боюнча тынчсыздануусун билдиришти.
"Биз өткөн айда тынч демонстранттарга, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана оппозиция лидерлерине карата куугунтуктоону, зордук-зомбулукту кескин айыптайбыз жана грузин бийлигине адам укуктарын сыйлоо тууралуу алган жоопкерчилигин эске салып, эркин чогулуу жана сөз эркиндиги сыяктуу эркиндиктин негизги көрсөткүчтөрүн сыйлоого чакырабыз", - деп жазылат үч министр 31-декабрда биргелешип тараткан билдирүүдө.
Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын бул кадамдарына жооп катары Берлин, Париж жана Польша "дипломатиялык жана кызмат паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди жойгонун" билдиришти.
Грузиядагы толкундоолордун башталышына өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотуп койгону себеп болгон. 28-ноябрдан бери дээрлик ар түн сайын өлкөдө митингдер болуп келет.
Толкундоолордун алгачкы күндөрү полиция демонстранттарды күч менен таркатып, жапырт камап, уруп-сабаган учурлар катталды.
Нааразылык акциясынын катышуучулары "Грузин кыялы" партиясы түзгөн өкмөттү Евробиримдиктен оолактап, Москвага жакындаганы үчүн айыптап, "биздин келечекти уурдады" деп айтышууда.
27-декабрда Кошмо Штаттар Орусияга ымала санаган миллиардер, мурдагы өкмөт башчы, "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилиге санкция салган.