World News in Kyrgyz

Казакстанда түлөндөр инфекциядан кырылганы расмий маалымдалды

Казакстандын Мангыстоо облусунда Каспий деңизинин жээгинде түлөндөрдүн жапырт кырылышына жаңы вирус инфекциясы себеп болгон. Бул тууралуу Алматыдагы Вирусология жана микробиология боюнча илимий борбордун лаборатория башчысы Айдыр Кыдырманов "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.


"Бул нейроинфекцияны козгогон вирустун жаңы түрү. Ал толугу менен изилденип, иликтене элек. Деңиз жаныбарларына таандык вирустук инфекция",- деди Кыдырманов.


Ал жаныбарлар ууланган болушу мүмкүн деген божомолдорду четке какты.


Кыдырмановдун айтуусуна караганда, түлөндөрдүн өлүгү үч жумадан кийин табылгандыктан, анализ алуу кыйла оор болгон.




Казакстанда 16-октябрдан 1-декабрга чейин 1968 жаныбардын өлүгү табылган. Декабрь айында 13 түлөн кырылган.


2017-жылы Казакстанда 247 жапырт кырылып калган.


Каспий түлөндөрү – деңизди байырлаган жападан-жалгыз сүт эмүүчүлөр, алар башка жактан табылбайт.


20-кылымдын башында алардын саны бир миллиондон ашчу. Азыр 70-300 миңдейи эле калды.




 

Читайте на 123ru.net