World News in Kyrgyz

Казакстанда бороондо 100дөй машине кагышты

3-январда Казакстандын Астана – Петропавловск жолунда бороондон улам 95 унаа кагышты. Бул тууралуу Казакстандын Акмоло облусунун ички иштер башкармалыгы жана “КазАвтоЖол” улуттук компаниясы билдирди.


Жол кырсыгына катуу шамал себеп болгон. Полиция 11 адам жаракат алып, төртөө ооруканага жаткырылганын билдирди.


Маалыматта айтылгандай, таңга жуук аба ырайы начарлап, республикалык маанидеги жолдо жүрүүгө чектөө киргизилген.


"Аба ырайы жакшырып, жол тазалангандан кийин саат 12:30да Полиция департаментинин кызматкерлери жана "КазАвтоЖолдун" атайын техникасы жол баштап, унаалар жыла баштаган. Бирок алдын ала маалымат боюнча, айдоочулар ылдамдыкты жана аралыкты сакташкан эмес», — деп айтылат маалыматта.


Өзгөчө кырдаалдар министринин айтымында, унаалар кагышкан жерге 48 куткаруучу жана 22 техника барган. Кырсыктын кесепеттери жоюлуп, жолдо туруп калган машинелер тазаланды.


Аба ырайы начарлап, шамал жана бороон-чапкын күчөгөндөн улам 4-январда жолдогу каттамдарга кайрадан чектөө киргизилди. (ErN)

Читайте на 123ru.net