World News in Kyrgyz

Туманга байланыштуу “Ош” аэропортунда учуп-конуу убактылуу токтоду

Коюу туманга байланыштуу “Ош” эл аралык аэропортунда эл аралык жана жергиликтүү каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматта айтылгандай, бир нече авиакаттам – Ош-Красноярск (FV6794), Ош-Санкт-Петербург (U62734), Ош-Москва (YK748) жана Ош-Екатеринбург (U62589) Бишкек шаарына – “Манас” эл аралык аэропортуна жөнөтүлдү.


Мекеме жүргүнчүлөргө күтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп берилгени маалымдады.


Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар катталып турат. (ErN)

Читайте на 123ru.net