Министр сасык тумоо күчөп жатканын эскертип, жарандарды ооруну алдын алууга чакырды
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана ооруну алдын алууга чакырды. Анын билдирүүсү министрликтин сайтына жарыяланды.
Билдирүүдө аталган оорулардын биринчи белгилери – дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундан агышы же алсыздык экени белгиленип, жарандарга өз алдынча дарыланбоо жана квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу сунушу берилет.
Министр белгилегендей, республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп жатат жана дем алыш күндөрү нөөмөттөр уюштурулду.
“Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө”, – деп айтылат Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүндө.
Сасык тумоону жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу чаралары катары министр үйдү үзгүлтүксүз желдетип турууну, колду самын менен жууну, эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүүнү, туура тамактанууну жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөөнү атайт.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку аптанын эсебин жарыялай элек. Мекеменин декабрдагы маалыматында аптасына 8-9 миң адам сасык тумоого кабылып жатканы айтылган. (ErN)