World News in Kyrgyz

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча тескемеге кол койду.


Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды. 


Уюштуруу комитетине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу, спорттук бөлүк боюнча оюндардын эрежелерин бекитүү, пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымды эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.


2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net