World News in Kyrgyz

Кыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери жолугуп, чек ара маселесин талкуулады

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушту.


Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, жолугушуу үч өлкөнүн президенттеринин чек арага байланышкан макулдашууларынан улам өттү.


Андан тышкары соода, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар, чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганы айтылды.


“Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.




Жолугушуу Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согди облусунун аймактарындагы үч өлкөнүн чек аралары тогошкон жерде өттү.


2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмасы берилген.


Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктаса, документти тышкы иштер министрлери бекитерин, парламенттер ратификациялагандан кийин эки президент кол коёрун билдирген. Ошондой эле чек арадагы талаш жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн айткан.


Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Ушул тапта чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатат. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net